Коронавирустан улам 70 өлкө согуш аракеттерин токтотту
Дүйнө жүзү боюнча 70 өлкө БУУнун чакырыгына макул болуп, согуш аракеттерин токтотту. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш виртуалдуу маалымат жыйынында билдирди.
Өзгөчө көңүлдү башкы катчы Сирияга бурду. Ал жакта коронавирустан алгачкы өлүм катталган.
"Жөнөкөй жарандарга жардам берүү үчүн бүткүл Араб өлкөлөрүндө согуш аракеттерин токтотуу керек" деп билдирди Гутерриш.
Ливия дагы чакырыкка кошулуп, согуш аракеттерин токтоткон болсо, Триполиде алар тескерисинче күч алганын Евросоюздун эл аралык саясатынын башчысы Жозел Боррель билдирген.
Дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 536 миң 979 адам коронавирусту жуктуруп алса, 93 миң 425 адам көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.