super.kg logo

"Ухан вирусу": АКШда ооругандардын саны жарым миллионго чамалады

 

10-апрелге карата дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны 1 миллион 596 миң 496 болду. Айыккандардын саны - 354 миң 6, каза болгондор - 95 миң 506.

Коронавирустун жайылуусу боюнча биринчи орунга чыккан АКШда 462 миң 135 жаран жабыркап жатат. Илдеттен 25 миң 410 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылса, 16 миң 513 адам каза болду.

Испания вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Анда бул өлкөнүн 153 миң 222 жараны вирусту жуктурганы аныкталды. 52 миң 165 жаран оорудан арылса, 15 миң 447 адам каза болду.

Ал эми Италияда вирусту жуктургандардын саны салыштырмалуу азайып, 10-апрелге карата жалпы 143 миң 626 адам ооруп жатат. Анын 28 миң 470и айыгып, ооруканадан чыгарылса, 18 миң 279 жаран вирустан көз жумду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.04.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каары картан оорулуларды бут тазалайлы дешкен бейм дуйно)))
10.04.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Значить Китай менен Россия ойлоп тааптыр бул ооруну.БЦЖ албаган америкада олум коп ьолуп атат
10.04.2020. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sakubek,
Тажиктер тааптыр десен
Бир да каттала элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: