Кырсык жалгыздап келбейт. Британияда коронавирустан каза болгон апасын акыркы сапарга узатып жаткан кызынын жүрөгү сокпой калган
Улуу Британияда коронавирустан каза болгон жарандын сөөгүн жерге берүү учурунда маркумдун кызынын жүрөгү сокпой калып көз жумду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, коронавирустан Йоркшир аймагынын 63 жаштагы тургуну каза болгон.Анда вирустан каза болгон жарандын сөөгүн жерге берүүгө балдары катышкан. Мүрзөдө маркумду көмүү каадасы болуп жатканда 32 жаштагы Лора Ричардс эс-учун жоготуп, кулап түшкөн. Ага тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн, бирок анын жүрөгү сокпой калып, каза болгону аныкталган. Лора Ричардс маркумдун кызы. Анын сөөгү апасынын жанына коюлган деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















