super.kg logo

Коронавирус менен ооруп жаткан 298 адамдын 34ү 15 жашка чейинки өспүрүмдөр. Алардын арасында эки наристе бар (видео, хронология)

 

Бүгүн, 10-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Күнүгө аталган министрликтин өкүлдөрү коронавирус жуктуруп алгандардын саны тууралуу маалымат берип турат.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-10 10:42

Бүгүнкү күндө изилдөөгө келген анализдердин саны 22 миң 554. Ал эми изилденгендердин саны 20 миң 575. Ал эми бир күндө 1 миң 979 анализ жасалган.

2020-04-10 10:39

Учурда 8 адам оор абалда жатат.

2020-04-10 10:38

10-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө 39 дарыгер коронавирусун жуктурган:
Бишкек шаарында - 8;
Чүй облусунда - 1;
Ош облусунда - 21;
Жалал-Абад облусунда - 8;
Баткен облусунда - 1.

2020-04-10 10:33

Коронавирус менен ооруп жаткан 298 адамдын 34ү 15 жашка чейинки өспүрүмдөр. Алардын экөө 1 жашка чейинки наристелер. Ал эми 75 киши 20-35 жашка чейинки жарандар.

2020-04-10 10:30

Кыргыз жергесинде коронавирус менен ооругандардын саны 298ге жетти. Алардын аймактары:
Жалал-Абад облусунда – 89;
Ош облусунда – 98;
Чүй облусунда – 15;
Баткен облусунда – 4;
Ош шаарында – 36;
Бишкек шаарында – 42;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 4;

Медицина кызматкерлери жалпы - 39.

Ооруп жаткандардын 154 аял, 144ү эркек.

Ал эми бүгүн, 10-апрелде катталгандардын 7си аял, 11и эркек.

2020-04-10 10:20

Ноокат районунда каза болгон жаран 87 жашта болгон. 

2020-04-10 10:18

"Коронавирустун өлкөдөгү "пик" абалы качан болот?" деген суроого саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев азыр жооп берүү эрте экенин, бул боюнча атайын кызматкерлер иштеп жатканын билдирди.

2020-04-10 10:15

10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган 18 жаран катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 6;
Кемин району – 6;
Токмок шаары – 1;
Аламүдүн району – 1; 
Сузак району – 2;
Жалал-Абад шаары – 1;
Ак-Суу району – 1.

2020-04-10 10:13

Ноокат районунда бир жаран коронавирустан каза болду. Каза болгондордун жалпы саны 5.

2020-04-10 10:11

10-апрель саат 10:00гө карата коронавирус менен дагы 18 жаран ооруп жатат.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.04.2020. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кары-жаш дебей, ээлеген кызматына карабай, бул илдетке каршы күрөшкө биригүүбүз абзел. Ар бир мекендешибиз — карантиндик тартипти, медициналык талаптарды катуу сактоо менен, улутубуздун саламаттыгын коргоого өз салымын кошот. Күнү-түнү аракеттенип жаткан ар тармактын кызматкерлерине, биринчи кезекте дарыгерлерибизге рахмат дейли.
10.04.2020. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге кыргызча суроо бербей жатат жалан еле оруссча болуп атат туз ефир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: