super.kg logo

Министрдин орун басары: "Ала-Бука аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин арызы каралат"

 

4-апрель күнү Ала-Бука районунда 14 медициналык кызматкер обсервацияга алынганы жазылган. Кийинчерээк алардын 7өө коронавирус жуктурганы маалым болгон жана республикалык штаб окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине териштирүү милдетин жүктөгөн. 9-апрелде Ала-Бука аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бактыгүл Алибаева кызмат ордунан бошотулган.

Бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевге маалымат жыйында "Эмнеге башкы дарыгерди жумуштан бошоттуңар?" деген суроо берилди.

"Менин бул окуя боюнча толук маалыматым жок. Башкы дарыгердин арызын тиешелүү жактар менен бирге изилдеп чыгабыз. Эгерде башкы дарыгердин күнөөсү жок экени тастыкталса, бул ишти карайбыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: