Казакстанда алгачкы жолу коронавирус жуктуруп алган аял көз жарды
Казакстандын Кызылордо шаарынын дарыгерлери коронавирус менен жабыркаган бейтаптын төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Кош бойлуу аял төрөт үйүнө сасык тумоонун белгилери менен келген. Анын дене табы 38,1 градустан түшпөй койгон. Ал атайын анализ тапшырып, коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.
Мындан улам бейтап өзүнчө даярдалган палатада көз жарган. Дарыгерлер вирусту жуктуруп албоо үчүн коопсуздуктун бүт эрежелерин сакташкан. Жарык дүйнөгө салмагы 2 килограмм 900 грамм болгон эркек бала келген. Азыркы тапта эне-баланын абалы жакшы. Ымыркайдан тиешелүү анализдер алынып, анын жыйынтыгы күтүлүп жаткандыгы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Kuyoo_bala

10.04.2020. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баланы кудай сактасын,омуру узун болсун!
Bak.taalai

10.04.2020. 13:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыпаасын берип эне бала аман эсен ден соолуктары чын болсун э жараткан Алла.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.