super.kg logo

"Арак ичпейм, намаз окуйм". Ошто кесиптештери тарабынан айыпталып жаткан башкы дарыгер үн катты

 

8-апрелде Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер байланышка чыгып, бийликке кат жолдошкон. Анда алар "Бизге жалаа жабышпасын, ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп бийлик өкүлдөрүнө билдирүү жазышкан.

Ал эми кечээ, 9-апрелде жалаага кабылдым деген дарыгердин жеке каты жарыяланган. Анда дарыгер абалы оор экенин айтып, каттагы маалымат коомчулукка жетүүсүн өтүнгөн. Көп өтпөй SUPER.KG порталы вирус жуктуруп, бейтапканада жаткан дарыгер менен байланышып, анын абалын билип, кээ бир маалыматтарды алган.

Жогорудагы үч маалыматта тең Ош шаардык балдар инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Кайрат Абжаловдун аты аталып, аны окуяга кайдыгер карап, маалыматты туура эмес жеткирген деп дарыгерлер айыпташкан.

Бүгүн, 10-апрелде Абжалов ага коюлган айыптар негизсиз экенин, бирок актанууга да акысы жок экенин SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, ал алкоголдук ичимдик ичпейт жана өз жумушун так инструкциянын негизинде аткарып келген.

"Биринчиден, мен намаз окуган мусулман адаммын. Экинчиден, ал учурда жумушка убагында келип, штабга чакырганда убагында барып жаткам. Анткени өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу штаб мүчөсүмүн. Ошол күндөрү көрүп жаттыңар обсервация жасап, орундуктарды бошотуп жаттык. Ал күндөрү киши көп болуп, убактымдын көбүн ошол жакка жумшап жаттым. Жумушка келип, отчёт алып, буйрукту жеткирип, көзөмөлдөп турдум. Мен ичип, жумушума кайдыгер мамиле жасаган адам эмесмин, үч балам бар. Ал эми кошунасыныкына чай ичип барып, вирус жуктурган деген мурун эле айтылып жаткан маалымат. Каяктан, эмне болуп жугуп калганы боюнча изилдөө жүрүп жаткан. Бул тууралуу азыр да эч нерсе айтпайм. Бул иш учурда тыкыр текшерилип жатат.

Маселеге байланыштуу Бишкек шаарынан чоң комиссия келе жатат. Булардын баарын эпидемиологдор көрүп, изилдеп, анализдеп анан жыйынтык чыгарышат. Ооба, кошунасына кирип чай ичкен эмес, обсервацияга кирген, мүчүлүштүктөр болгон деген сөздөр болуп жатат. Жеке мен моралдык укугума жооп берем. Албетте, кесиптештерим сакайсын, мен аларга ден соолук каалайм. Кийин жакшы болушканда деле көрүшчү күн келет. Азыркы тапта бүт маалымат каражаттары аркылуу мени каралоо иштери жүрүп жатат. Баары алардын сөзү боюнча чагылдырып жатышат.

Ооба, алар ооруп жаткан адамдар. Мен кесиптештеримди жамандап актана албайм, азыркы тапта бул туура эмес. Анткени адаммын, макул айта беришсин. Ал эми вирусту кимден жуктурганы боюнча адистер тактап, жыйынтык чыгарышат. Кесиптештериме таарынып капа деле болбойм, Кудай бар да. Мен дагы бир ирет тастыктап, арак ичпегенимди, өз жумушумду так, инструкциянын негизинде аткарып келгенимди айтып койгум келет", - деди Кайрат Абжалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
10.04.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койчу ай таза олгон турбайлыбы кимге ишенебиз я
10.04.2020. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башынан шалаакы мамиле кылбай оз ишинерге так болгонунарда силерге коммисия барып деле убара болбойт чыгым кылып
10.04.2020. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооруп жаткан Т.Нуркамилова эже да жалган суйлой турган эжелерден эмес го.Оз ишине тын,элпек,жакшы эже.Мындай оор кырдаалда сакайып кеткиле демекчибиз.Жетекчилик да,ишти тыкыр изилдеп анан коомчулукка жарыялаш керек болчу.
10.04.2020. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шыр эле намаз окуйм деп алыптыр. Кантип эле чон эжекелер калп айтышсын. Уят ,сага бащкы дарыгер.
10.04.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыныздарга ден-соолук берсин, бул чоңдордун эле иши болуп жатат, ушунча жыл чогуу иштегендерди бири бирине жаман көрсөтүп жатышат. Баягы компенсацияны төлөөдөн качышып ар шылтоону табып жатышат.
10.04.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мындай күндө бири бириңдин неменерди чукулап бекер кыласынар ушундай коллегалардан кудай озу сактасын ичпесе ичпейт да бирөөгө жалаа жапкандан мурда өзүндүн гигиенаңды туура сакташ керек эле тем более врач экенсинер
chake түзөттү 2020-04-10 13:44:51
10.04.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул кошунасынын ажы тойуна барып жугузду деп айтпаса минстр асмандан алып айттыбы, туштон кийин актана берет да. Илгеркийдей жалгандарды токуп койсок жабылып кетет деген да.
10.04.2020. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр аял эркек дебей эле калпты ышкыртып калышты го.
11.04.2020. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кесиптештер уят да эми,ушундай кундо бири-биринди колдоп жаманынарды жашырып койсонор болмок
11.04.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болгондо да айыгып кеткиле
12.04.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле врачтар, деги эле Гос жумушта иштегендердин копчулугу ушундай. Бирин-бири чукумай, караламай, ушактамай, алдыга чыгып баратса аркага тартмай коп кездешет. Аркасынан башкача суйлоп, беттеше келгенде такыр башка адам болуп калганын коргондо жакамды кармагамын. Кыргызстан онукпой атканынын бир себеби, ушундай адамдар коп болгондугунда. Коррупция, кайдыгерлик, ынтымак, козомолдун жоктугу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: