super.kg logo

Күн сайын кечээ бар 5 миң адам, бүгүн жок... Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө (10-апрелге карата)

 

Бүгүн, 10-апрель саат 10:30га карата коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:

1. Италия - 18 миң 279 (27-мартта 8215, 17-мартта 2158, 9-мартта 366)
2.
АКШ - 16 миң 690 (27-мартта 1296, 17-мартта 85, 9-мартта 21)
3. Испания - 15 миң 447 (27-мартта 4365, 17-мартта 342, 9-мартта 17)
4. Франция - 12 миң 210 (27-мартта 1696, 17-мартта 148, 9-мартта 19)
5. Улуу Британия - 7 миң 978 (27-мартта 578, 17-мартта 56, 9-мартта 55)
6. Иран - 4 миң 110 (27-мартта 2234, 17-мартта 853, 9-мартта 194)
7. Кытай - 3 миң 340 (27-мартта 3291, 17-мартта 3230, 9-мартта 3123)
8. Германия - 2 миң 607 (27-мартта 267, 17-мартта 17, 9-мартта каза болгондор каттала элек болчу)
9. Бельгия - 2 миң 523 (27-мартта 220, 17-мартта 10, 9-мартта каза болгондор каттала элек болчу)
10. Нидерланддар - 2 миң 396 (27-мартта 434, 17-мартта 24, 9-мартта 3).

Дүйнөдө коронавирустан улам каза болгондордун жалпы саны - 95 миң 731 киши. 9-мартта бул көрсөткүч 3 миң 825, 17-мартта 7 миң 155, 27-мартта 24 миң 77 адам эле. Бул цифралар соңку 2 аптада 70 миңден ашуун адам, күн сайын 5 миңден ашуун адам өмүрү менен кош айтышып жатканын билдирет.

9-мартта да, 17-мартта да алдыңкы үчтүктө Кытай, Италия, Иран болчу. 27-мартка дейре абал чукул өзгөрүп, 1-орунга Италия, 2-орунга үчтүктө жок болгон Испания чыгып, илдет башталгандан тарта алдыңкы саптан түшпөгөн Кытай 3-орунду ээлеген. Ал эми эки аптадан кийин 1-орунда Италия калып, 2-орунга үчтүктө жок болгон АКШ чыгып, 3-орунга Испания түшүп, илдет башталгандан тарта алдыңкы саптан түшпөгөн Кытай 7-орунду ээледи.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.04.2020. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темадагы күн сайын деген сөз ашыкча, түшүнүксүз!
10.04.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Gita2000, түшүнүктүү эле... дээрлик ар күндө 5 миң адам коронавирустан каза болуп жатат...
10.04.2020. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсызбы Супер кж.жогоруда ото коп ката менен жазылган. 9мартбы или 9 апрель бугунку кунбу? Сураныч маалыматты так берип жургулочу.Жана туура жазып уят.
10.04.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
natasha00, бүгүн 9-апрель эмес, бүгүн 10-апрель. Тексттеги 9-март ошол 1 ай мурдагы абал тууралуу айтылган учурдан... Маалымат так берилген. Уялбай окуй бериңиз...
10.04.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
natasha00,Озунордун каталарынар билинбейби?Утур,чекити жок (или) деп жазыпсынар.
10.04.2020. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Темага тушунбой ката издегени окушабы дейсин да,орустарда эч горбодум бири бирин катасын издегенди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: