Армениянын бюджеттик кирешеси 2018-жылдан бери 1 миллиард долларга өстү
Армениянын бюджеттик кирешеси 2018-жылдан бери 1 миллиард долларга өстү. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, ал бул революцияга чейин берген убадасы экенин айтты.
2018-жылдын апрель айынан тарта Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кеткен. Ошол жылы 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо өтүп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган эмес. Экинчи аракетте гана ал өкмөт башчы катары шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
-1

Өнуккон мамлекеттердин карызы триллиондоп айтылат экен.
Акш-23,143,6трлл 2019
Казахстан-161,4млрд 2018
Мвф же Вб да карызды ме деп бере бербесе керек,алар да ввп га карап берсе керек.
Тэц жана башканы баары эле билишет.
Кыргызстандын минус жактарын эле чукуй бербей, бираз болсо да жакшы жактарын да жазгыла.
Ушундай кырдаалда элдин маанайын ого бетер чоктурбой, бираз болсо да элге дем берсек жакшы болоор эле.
Батлейбеш,Никке асылгандан башка соз таппадынбы)))))