super.kg logo

Якутияда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн жаран карантин эрежелерин бузуп, базарда иштеп жүргөн

 

Якутияда коронавирус жуктуруп алганга шектелген жаран карантин эрежелерин бузуп, базарда соода кылып иштеп жүргөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Якутияда коронавирус аныкталган жарандардын анализи эрежелерге ылайык Новосибирск шаарына кайра текшерүүгө жөнөтүлөт.

8-апрель күнү Москва шаарынан Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн жубайлар жана Армениядан 1 адам Якутияга учуп келишкен. Алардан анализ алынып, коронавирус бар экендиги билинген. Новосибирск шаарынан акыркы жыйынтыктар келгиче, жарандарды үй карантининде болууну эскертишкен.

"Армениядан келген жаран карантиндин эрежелерин так сактаган. Ал эми Москвадан учуп келген жубайлардын бирөөсү эрежени бузуп, жергиликтүү базарлардын биринде соода кылып иштеген. Мындан улам базарды толугу менен жаап, ооруган адам менен мамиледе болгон жарандарды аныктоо жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Якутияда жалпы 16 адам вирусту жуктуруп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: