super.kg logo

Онлайн-класс – бул мыкты саамалык же MegaCom мугалимдерди жана окуучуларды акысыз байланыш менен камсыз кылууда

 

Үстүбүздөгү жылдын 8 -апрелинен тарта Кыргызстанда мектеп окуучуларын онлайн-окутуу расмий түрдө ишке киргизилди. Аталган долбоор MegaCom компаниясынын өнөктөштүгү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке киргизилди. Бул саамалыкты ишке киргизүү ыкчам иш-аракетти талап кылгандыгына карабастан, кыска убакыттын мугалимдер жана мектеп окуучулары акысыз байланыш жана интернет менен камсыз болушту, жана да «Мугалим» жана «Окуучу» кошумча топтомдору, «Мугалим 150» тарифи иштелип чыкты. «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов ушул жана башка маселелер тууралуу журналисттер менен ат жалында маек курган эле. Анда эмесе, маегибиз жөнүндө кеп учугун уласак.

— Мекенибиздин ар кыл аймактарындагы мугалимдер MegaCom компаниясынын бул саамалыгына татыктуу баасын берүүдө. Бирок алардын арасында «Мугалим 150» тарифин жана «Мугалим» топтомун кошуп алууга жетишпей калгандар да кездешет. Алар SIM-карта алуу үчүн кимге кайрылса болот?

— Мугалимдер үчүн тарифти жана топтомду ишке киргизип жатканда, биз мугалимдерди өз ыктыяры менен акысыз байланышка кошуу сунушу менен КРдин Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганбыз жана аталган мекеме биздин сунушубузду жактырган эле. Буга чейин MegaCom байланыш кызматтарынан колдонуп келген мугалимдерди өз каалоосу боюнча «Мугалим 150» тарифине аралыктан коштук. Калгандары боюнча алсак, мектептер тарабынан берилген тизмелерге ылайык бир мекемеге 50дөн 100 гө чейин SIM-карта берилди. Бүгүнкү күндө агай-эжейлерибиздин 80 пайызын байланыш менен камсыз кылдык жана кошуу боюнча жыйынтыктоочу кадамдарыбыз гана калды.

Эгерде кандайдыр бир себептер менен педагог биздин тарифке же топтомго кошула элек болсо, ал мектеп жетекчилигине кайрылса болот. Мектептердин директорлору биздин кураторлор менен активдүү карым -катнашта иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө чейин тизмелерин берип жатышат.

Мугалим мектептен SIM-картасын ала албай калсачы? Бул учурда кам санабай эле койсо болот. Каалаган MegaCom симкасынын номерин мектеп директору аркылуу бизге жөнөтсө, биз ал номерди «Мугалим 150» аралыктан кошуп беребиз.

— Балдарга «Окуучу» топтомун кошуу мүмкүнчүлүгү да кызыгуу жаратып келет. Бул кандайча жол менен ишке ашат?

— Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, окуучулардын саны 1,3 миллионго чамалуу, биз окуучуларды байланыш менен башка схема боюнча камсыздоону чечтик. Мектеп окуучуларын «Окуучу» топтомуна кошуу үчүн MegaCom уюлдук операторунун каалаган SIM-картасы жарайт. (окуучу буга чейин колдонуп келген же жакында алган). Учурда уюлдук оператордун абоненти болбогон окуучуларга жакын жерде жайгашкан дүкөндөн же MegaCom Сатуу жана тейлөө борборунан SIM-карта сатып алууну сунуштайбыз. Андан кийин ата-энеси же окуучу телефон номерин класс жетекчиге жөнөтүп, мугалимден «Окуучу» топтомун кантип кошуп алуу нускамасын алат. Жол-жобосу эң жөнөкөй жана тастыктоочу документтер талап кылынбайт.

— Сиз маегиңиздин башында «Мугалим» жана «Окуучу» топтомдору тууралуу учкай токтоло кеттиңиз эле. Алардын артыкчылыктары эмнеде?

«Мугалим» жана «Окуучу» бонустук топтомдорун MegaCom номерине тарифти алмаштырбастан эле кошууга болот жана топтомдордо мугалимдер менен окуучулар үчүн бир катар акысыз кызматтар каралган. Биз өз абоненттерибизге түйүн ичинде акысыз чалууларды жана интернет-топтомдорду, WhatsAppꞌта баарлашуу үчүн чектөөсүз трафикти жана MEGA24 тиркемесинде онлайн-окутууну, КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жайгаштырылган окуу материалдарын колдонуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү менен, алардын аралыктан билим алуусуна кеңири жол ачабыз.

«Окуучу» акысыз бонустук топтому мектеп окуучуларынын көңүлүнө төп келе тургандыгы бышык. Биз алар үчүн WhatsApp, Instagram жана TikTok тиркемелерине жана мобилдик оюндарга жетки берүүнү чечтик. Албетте, билим берүү мүнөзүндөгү тиркемелер биринчи орунда турат деңизчи. Бирок учурдагы жагдайды да эстен чыгарып коюуга болбойт. Бош убактыларын достору менен кезигип, баарлашуу менен өткөрүшсө, карантин маалында окуучулар үйдө чыкпай отурууга мажбур болуп жатышат.

Мугалимдер үчүн иштелип чыккан сунуштар боюнча тактай кетсем: буга чейин MegaCom SIM-карталары жок болгон мугалимдерге наркы 150 сом болгон «Мугалим 150» атайын тарифи менен SIM-карталарды бердик. Ал өз ичине ай сайын берилүүчү 20 ГБ акысыз Интернетти, түйүн ичинде баарлашуулар үчүн чектөөсүз мүнөттөрдү жана түйүндөн тышкары баарлашуулар үчүн 50 мүнөттү камтыйт. Мугалимдердин өз ыктыяры менен кошулган акы төлөнүүчү тарифтен тышкары, MegaCom бардык мугалимдерге «Мугалим» акысыз бонустук топтомун автоматтык түрдө кошкон. Бонустук топтомдо 60 күнгө берилүүчү 60 Гб Интернет, түйүн ичинде сүйлөшүүлөр үчүн 4 миң мүнөт жана түйүндөн тышкары баарлашуулар учүн 40 мүнөт камтылган. Өз тарифин калтырууну каалаган мугалимдер акысыз бонустук топтомду колдоно алышат жана Интернетке жана байланышка сарпталуучу чыгымдары тууралуу кам санабай эле коюшса болот.

— MEGA24 тууралуу тиркемесинин жардамы менен онлайн-окутуу тууралуу кеп сала кетсеңиз. Мугалимдер жана окуучулар тиркемени кантип колдоно алышат жана кантип жүктөп алууга болот?

— Android базасындагы телефондордун ээлери үчүн MEGA24 Google Play аркылуу жеткиликтүү болсо, iPhone аппаратын колдонгондор тиркемени App Store аркылуу жүктөп алса болот. Тиркемени колдонуу менен, сервистин колдонуучулары тариф, кошулган кызматтар, байланышка сапрталган чыгымдар тууралуу маалымат алып, компаниянын жаңылыктары, тарифтери жана опциялары менен тааныша алат. «Көңүл ачуулар» бөлүмүндө мультфильмдер, көркөм жана документалдык тасмалар, сериалдар, аудиокитептер жайгаштырылган.

Эң башкысы – биз MEGA24 тиркемесине «Мектеп» бөлүмүн коштук. Бул бөлүмдөн КРдин билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган санарип окуу материалдарын табууга болот. Мындан тышкары, тиркемеге «Санат» телеканалы тарабынан тартылган видеосабактар, «Сапат» кыргыз-түрк лицейи тарабынан даярдалган контент да кошулган. Электрондук китептер жана окуу китептери да бар. Келечекте «Мектеп» бөлүмүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жаңы өнөктөштөр менен алака түзмөкчүбүз.

Баса белгилей кетчү жагдай, бул сервис Билим берүү жана илим министрлигинин техникалык ресурстарынан көз каранды эмес жана толугу менен MegaCom адистери тарабынан башкарылат. Дагы кайталай кетейин, «Мектеп» бөлүмүнүн контентин колдонууда MegaCom абоненттери үчүн интернет-трафик акысыз!

— Эгерде үйдө WiFi бар болсо же башка уюлдук оператордун интернети кошулган болсо, MEGA24 тиркемесин кантип колдонууга болот?

— Сизде кайсы Интернетти колдонгондугуңуз маанилүү деле эмес. Бирок MegaCom SIM-картасы бар болсо, жана да ал тиркемеге кошулган болсо, MEGA24 тиркемесин колдонуу ыңгайлуураак болот! Эгерде сиз тиркемеге башка операторлордун интернетин колдонуу менен кирсеңиз, интернет-топтомуңуз сарпталат. Болгон айырмачылыгы ушунда. MegaCom абоненттери үчүн MEGA24 тиркемесинде трафик акысыз.

— MegaCom КРде колдонулуп жүргөн билим берүү порталдарынын жана тиркемелеринин тизмесин кеңейтеби, тактап айтканда, аларды акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп береби? Маселен, калаабыздын мектептеринде тажрыйбаланып жүргөн MozaWeb сайты боюнча алсак.

— Бизге белгилүү болгондой, MozaWeb Билим берүү министрлиги тарабынан таанылган ресурс болуп саналбайт. Аталган мекеменин сурамы боюнча биз 6-7же жакын сайтты жана сервисти коштук жана кошо бермекчибиз. MegaCom аралыктан окутуу процессин ыңгайлуу жана кызыктуу кылууга өбөлгө түзө турган айрым ресурстарды кошуусу мүмкүн!


кошулду





Онлайн-класс – бул мыкты саамалык же MegaCom мугалимдерди жана окуучуларды акысыз байланыш менен камсыз кылууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.04.2020. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Студенттерге бекер интернет каралбаганбы?Алар да онлайн окуп жатышпайбы.Шамалды-Сайда интернет жакшы иштебей,кээде вообще эле ноль болуп калып жатат.
11.04.2020. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул компания элге келген кыйынчылыктан пайда таап, өзүн рекламалап алууга эле аракет жасоодо. Айыл жергесинде, чет жакаларда бир да иштебейт экен, интернет ылдамдыгы такыр эле начар, кайра эле билайн менен отурабыз, мегаком тартпайт экен көп жерлерде!
11.04.2020. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келээрки жумадагы окуунун расписаниесин да чыгарып койгулачы!Мегаком бизде да жакшы тартпай,мугалимдерибиз кайра билайнга отушту.
11.04.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдерден жыйналган 250с.каякка кетип атат?Бекер дейсинер дагы акчаны толотуп аласынар.
11.04.2020. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде эч иштебей жатат окуучуларга ошкадан сабак отүп жатам балдарым да ошка пайдаланууда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: