super.kg logo

Биргеликте вирусту жеңебиз! "Elite House" коронавируска каршы күрөштү колдойт

 

"Elite House" курулуш компаниясы өлкөдө жарыяланган карантинге байланыштуу оор турмуштук кырдаалга кабылгандардын баарына жардам берүү максатында кайрымдуулук акциясын уюштурду.

"Elite House" медициналык адистер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жалпы өлкө боюнча элдин ден соолугун коргоп жаткандар үчүн дагы 500 даана медициналык коргоочу костюмга буйрутма берген.

Акциянын алкагында санитардык шаймандар жогоруда айтылган коргоочу костюмдар, бет кап жана антисептикалык каражаттарды таратуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте 2 райондук администрацияларына өткөрүлүп берилди. 150 коргоочу костюм, 900 бет кап республикалык жугуштуу оорулардын алдын алуу бейтапканасына, "Тез жардам" кызматына жана Эндокринологиялык борборуна да бөлүндү.

Кайрымдуулук акциянын биринчи этабында өлкөнүн аярлуу катмарына социалдык азык-түлүк баштыгы таратылып берилди.

Жардам берүү штабы жана "Кызыл Жарым Ай" коомунун жардамы менен 1500 адамга азык-түлүк баштыктары таратылды. Ошондой эле азык-түлүктүн бир бөлүгүн "365 ветерандар", "Элим барсыңбы?", "Жакшылык" фонддоруна өткөрүп беришти, ал эми ыктыярчылар муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн дарегине жеткиришет.
"Elite House'тун" негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин принциптеринин бири өз ара жардам берүү жана жоопкерчилик экенин байма-бай айтып келет.

Мындан ары да "Elite House" кайрымдуулук акциясынын алкагында карантин учурунда колдон келген жардамын берерин белгилешти.


кошулду





Биргеликте вирусту жеңебиз! "Elite House" коронавируска каршы күрөштү колдойт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: