super.kg logo

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева: "Валюта рыногундагы абал бүгүнкү күнгө карата туруктуу" (хронология)

 

Бүгүн, 10-апрелде Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева онлайн маалымат жыйын берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-10 14:40

Валюта рыногундагы абал бүгүнкү күнгө карата туруктуу, доллардын курсу сомго карата жыл башынан бери 11,92 пайызга өстү. Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн болтурбоо үчүн КРУБ жалпы суммасы 216,9 миллион долларды сатуу боюнча 8 интервенция жүргүзгөн.
Улуттук Банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 миллиард 368,8 миллион долларын түздү.

2020-04-10 14:32

“Насыялык төлөмдөрдү убагында төлөбөгөндөр үчүн, учурдагы кырдаалды эске алып, бардык банктарга бул мөөнөттү кредиттик тарыхка кошпоо сунушталды”, - деп билдирди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими күчүндө болгон мезгилинде насыяларды төлөө, айыптарды жана туумдарды кошпостон үч айга жылдырылган.

2020-04-10 14:28

Өзгөчө абал талаптарына ылайык банк иш алып барууда. Учурда нак эмес жана аралыктан төлөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле онлайн төлөмдөрү дагы киргизилген. Учурда 1 миң 200 терминал, 1 миң 300 пост терминалы, жана 1 миң 827 төлөм терминалдары иштеп жатат.

2020-04-10 14:19

Улуттук банк учурда бардык берилген насыяларды карап жатат. Ошондой эле аларды узартуу иштери дагы чечилүүдө. 

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.04.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой тообо сунуш бербей буйрук бербейсинерби?!!! Эмне деген адамдар башкарат бизди!
10.04.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан дагы, ипотеканы ар бир банктын озунун кароосуна калтырып биздин банк, уч ай бутоору менен болгон сумманы тогуп берме кылышты. Ошондо уч ай бою иштешибиз керек экен да, уч ай бутоору менен тогуп бергенге. Ушундай кырдаалда чыныгы Эл душманы анык болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: