super.kg logo

Салыктык текшерүүлөргө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө киргизилди

 

Мамлекеттик салык кызматы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда тийиштүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койгону айтылат.

Салыктык текшерүүлөрдү токтото туруу жөнүндө чечим Кыргыз өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы буйругу менен бекитилген Коронавирус пандемиясынын жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка терс таасир тийгизүүлөрдү азайтуу боюнча өкмөттүн биринчи кезектеги иш-чаралар планынын алкагында кабыл алынды.

Чектөө төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- товарлардын акцизделчү тобун өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбалык субъекттерди пландуу текшерүүлөргө;

- уюмдар кайра уюштурулган, жоюлган жана жеке ишкердин иши токтотулган учурда жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы текшерүүлөргө;

- өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин салык төлөөчүлөрдүн салыктарды туура эмес эсептөө фактысы тууралуу күбөлөндүргөн, документ жүзүндө тастыкталган маалыматты салык органы алган учурда пландан тышкары текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө;

- өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин камералык текшерүүлөргө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: