Аялдардын маршында Свердлов РИИБинде иштеген 2 милиция кызматкерине сөгүш берилди
Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 2 кызматкерине карата тартиптик чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан кабарлашты. Анда айтылгандай, 8-март күнү аялдардын тынчтык митингинде Акыйкатчы институту менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун кызматкерлери марштын 70 катышуучусун алып кеткен Свердлов РИИБине барышкан.
"Бирок РИИБдин кызматкерлери бул эки мекеменин өкүлдөрүн киргизбей, ишине тоскоолдук жараткан. "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын тоготпогон жана анын ченемдерин бузган милиция кызматкерлерине карата тиешелүү чара көрүү тууралуу Акыйкатчы институту тарабынан сунуштама тийиштүү органдарга жөнөтүлгөн эле.
Жакынкы күндөрдө Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан жооп болду. Анда Кыргыз Республикасынын ИИМнин ички иликтөө кызматынын корутундусуна ылайык, “Свердлов РИИБинин имаратына акыйкатчынын жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрүн киргизбегени, орой мамилеси жана 2020-жылдын 3-февралындагы №52 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 5-пунктун, ИИМдин 2019-жылдын 20-мартындагы 131-р буйругун аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин министринин орун басары П.Асановдун наамына сунуштама киргизилип, анда Свердлов РИИБи эки милиция кызматкерине карата, тактап айтканда нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөтчүсүнүн жардамчысы С.А.га жана ыкчам нөөмөтчү Т.Т.га карата “сөгүш” түрүндөгү тартиптик чара берүү каралган", - деп жазылат жоопто.

