super.kg logo

О! операторунан дистанциялык окутуу үчүн студенттерге жеңилдетилген тариф

 

О! Мобилдик оператору студенттерди колдоону чечти жана карантин учурунда дистанциялык окутуу үчүн жеңилдетилген тарифтик планды ишке киргизди - «Переходи на О! Студент Онлайн».

Бул сунуш толугу менен аралыктан билим алуу, интернеттен керектүү маалыматтарды издөө, окутуучу видеолорду көрүү же вебинарларга катышуу үчүн дал азыр көбүрөөк интернет керек болуп жаткан студенттерге ылайыкталган.

Тариф өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктагы 20 ГБ ИНТЕРНЕТ;
  • О! түйүнүндө ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS;
  • Instagram, WhatsApp, Telegram, Facebook, Twitter, Одноклассники, ВКонтакте, Zoom, Skype, Google Classroom, KelВil, КРнын ЖОЖдорунун билим берүүчү сайттары үчүн ЧЕКСИЗ ИНТЕРНЕТ-ТРАФИК.

Карантин учурунда жеңилдетилген абоненттик төлөм: жумасына 55 сом.

Үйдөн чыкпай туруп кантип кошулуу керек?

«Мой О!» тиркемеси аркылуу. «Переходи на О! Студент Онлайн» тарифине аралыктан кошулуу үчүн студент «Мой О!» тиркемесинен катталуудан өтүүсү керек. Тиркемени Play Market же AppStore платформасынан жүктөп алыңыз. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, анда аны кайрадан жаңылашыңыз керек.

«Тарифтер» менюсуна кириңиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз.

«Студент үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Окуу жайы тууралуу маалыматтар:
  • Облус;
  • Район;
  • Шаар/айыл;
  • Окуу жайынын аты же номери;
  • Фамилиясы;
  • Аты;
  • Туулган жылы;
  • Паспорту болгон учурда ИНН (14 сандан турган персоналдык номер);
  • Паспортунун алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтү;
  • Студенттик билеттин сүрөтү жана анын номери.

Тизме боюнча студенттерди текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде студенттин “Мой О!” тиркемесинен катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.

Үйдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз болсо, O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринен кошуп алса дагы болот. Жанында паспорт жана студенттик билеттин болушу зарыл. Кененирээк маалымат o.kg сайтында.

Бирге окуйбуз! О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: