super.kg logo

"Журналисттердин коопсуздугун ойлоп жатабыз". "Супер-Инфо", SUPER.KG жана SUPER TV'нын жазган катына жооп

 

Кыргыз өлкөсүндө иш алып барып жаткан медиа каражаттары өкмөткө жана Бишкек комендатурасына өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуу жолун сунуштап, кайрылуу жасашууда.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирген.

Буга байланыштуу "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER TV каналынын редакциялары расмий кайрылууларын COVID-19 вирусунун өлкөгө кирүү жана таралуу коркунучун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге кечээ, 9-мартта кат жолдогон.

Бүгүн, 10-апрель саат 19:00гө чейин тийиштүү органдардан расмий түрдө катка жооп келген жок. Ошондой эле Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге байланышууга мүмкүн болгон жок. Мындай улам Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Джумаковго байланыштык.

"Азыр журналисттер көчөгө чыгып иштөөсүнө уруксат бериле элек. Бир канча сайттардан каттар келип жатат. Бирок бул маселе чечиле элек. Себеби биз журналисттердин жеке коопсуздугун ойлоп жатабыз. Мисалы, сиз оору жугузуп алсаңыз ким жооп берет?" - деди Джумаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.04.2020. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Силерсиз кайра тынчыраак, ушак айың жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: