Бишкекте коменданттык саатта милициянын 4 кызматкери мас абалында кармалдыбы? ИИМ жооп берет
Блогер Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына Бишкекте милициянын 4 кызматкери кармалды, алар мас абалында болушкан деген видеону жүктөгөн.
Видеодо "Сиздер адамда алкоголдук ичимдиктин бар же жок экенин аныктаган наркологиялык борбордон демейде мас болуп, милициянын колуна түшкөн жөнөкөй жарандарды көргөнгө көнгөнсүздөр. Бул жолу текшерүүгө 4 милиция алынууда", - дейт.
Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан ырастады. Анда айтылгандай, мас делген укук коргоочуларды ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган. "Азыркы тапта кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. Ага ылайык, кошумча маалыматтар берилет", - дешти ИИМден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.