super.kg logo

Нарында дааваттан келип, коронавирус аныкталган жаран менен байланышкан 218ден ашуун адам обсервацияда жатат

 

Коомдо "Нарын облусунун коронавирус жуктурган тургуну дарылануудан баш тартканы үчүн гана жазага тартылды" деген маалымат боюнча Нарын ОИИБи билдирүү таратты.

"Фейсбук тармагынын колдонуучусу Нарындын жашоочусунун укугунун тебеленгенин жана өлкөнүн ар бир жараны медициналык дарылоодон баш тартууга укугу бар экендигин жазган.

Окуя боюнча, Нарын облусунун тургуну өзү коронавирус менен ооруганы аз келгенсип, үй-бүлөсүнүн 3 мүчөсүнө вирусту жуктурган. Баары учурда дарыланып жатышат. Обсервацияда 1-категорияда байланышкан 18ден ашуун адам жана 2-категориядагы 200дөн ашык адам жатат. Чет өлкөдөн келгенде сыртка чыгууну чектөө тууралуу эскертүү берилгенине карабай, аталган жаран санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бир нече ирет бузган, мечитке жана айылга конокко барган. Сотко чейинки өндүрүш иши апрель айынын башынан бери жүргүзүлүүдө. Анын санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандыгы тууралуу аталган ишкананын кызматкерлери арыз менен кайрылышкан. Коронавирус менен ооруган жаранга COVID-19 инфекциясына карата дарылануудан баш тартканы үчүн гана кылмыш иши козголду деген туура эмес жана чындыкка дал келбейт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Пакистандан дааваттан келген Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавируска чалдыкпагандыктан, дарылануудан баш тартып, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү дары ичкенден кийин ден соолуктары начарлап кетти деген видео кайрылуу чыккан. Нарын ОИИБи жаранга санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
10.04.2020. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окубагандар жа окуусуу келбеген жалкоолор молдо болот,колун куушуруп намазга антарып отура берет. Ушудан эле билинип жатат мээсинин оспой калгандыгы, мечитке не барат? Бар билимдуулор окуп озун оркундотуп ачыштарды жасаганга аракет кылып журот. Туура мусулман, бизди жараткан кудай бар! Бирок силердей фанат болгон арабдардын пешкасы эчкачан болбойм! Умрага ажыга барымыш болуп! Арабдар кыйын экен бурмалап алып карагылачы бизнестен млрд. Акчаларды алып жатканын
11.04.2020. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Arstan18.18, Арстан алай окшойсуң.
Samatalibei түзөттү 2020-04-11 02:31:07
10.04.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде сабатсыз молдолор көп. Жаштарды курулай бейиш менен азгырып, өлүм, тозок менен коркутмай молдолордун тактикасы. Ислам дини, християн динге окшоп реформацияга барыш керек. Бир эле арабтардын тили менен Кудайга жалына бербей, өз тилибиз менен Кудайга ишенсек. Мечиттеги арабча дубаларды кыргызча айткылары келбейт, анан башкасын айтпай эле коелук.
pat12 түзөттү 2020-04-10 22:49:25
10.04.2020. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул комментарий жазгандар бөлүнүп жарылбай эле, динге, бирөөгө асылбай эле жазсаңар сураныч? Өзү аз эле элбиз...
10.04.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Түшүнүгү жок жарандар четен чыгат биз жактагы молдокелер маскасы жок салпактап эки үчтөн эрчишип жүрүшөт этеги узун көйнөктөрүн кийип алышып эле ...
11.04.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Молдосунбу,башкасынбы Алланын алдында бирдей эле пендебиз.Дааватчы,умрага баргандар деп эле айта бербегиле.Бул Пайгамбарыбыздын жолу.Ажыга баруу парыз.
11.04.2020. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
rola, эми тууган мындай да. Куранда да адамдын ден соолугу башкы планда. Коронавирус январда Кытайды каптап, ошондо эле бул вирус тууралуу укпаган адам калбады. Анан бул вирус Алланын аскери, мусулмандар оорубайт экен деп кайсы бир наадан молдолор доорусо, ошолорго ишенип алып февраль, мартта умрага же саякатка кеткендердин баары акмак. Дааватка кеткендер да январь, февралда олкого кайтышы керек болчу, вирус жуктуруп элдин убалына калбайын деп.
11.04.2020. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
rola, Кыргызстанга коронавирусту ким алып келди? Умрага баргандар, дааватка баргандар алып келди. Анда да келип алып уйундон чыкпай жат десе болбой ажы той беришип, уйдо отурбай мечитке каттап, аш-тойлорго каттап канчалаган жуз адамдарга жуктурушту. Бул акмактардын айынан учурда жалпы Кыргызстандын эли азап тартууда. Анчалаган адамдар жумушсуз калды. Кунумдук тамак аштан кыйналып жатышат. Ушунча элдин убалына калган наадандарды кантип айыптабай кое алабыз?!
11.04.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ozon,Бир соц тармактан мен да ушул ондуу пост жассам, дизлайк басышып, жооп беришип талап кетишти го,тобоо. "Абайлап жазыныз" деп коркутушуп! Динге асылган жерибиз жок, бирок ушундай кырдаалда уйдо отура турушса болот Беле?Кытай эбак эле эскертуу бербеди Беле!
11.04.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Арстан алайдын коомуна Кудай кош колдоп берип калган турбайбы...)))
11.04.2020. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин Бишкектеги уул-келини обсервацияга алынбай эле уйундо экен го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: