super.kg logo

КВНчи, актёр Марат Жуманалиев коменданттык саат учурунда кармалды

 

Коронавирус пандемиясынан улам өлкөнүн аймактарына, анын ичинде Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилгени белгилүү. Режимдин талабына ылайык, кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзүнүн Фейсбук баракчасына 9-апрель түнү коменданттык саатты бузуп кармалган жарандардын видеосун жүктөгөн. Видеодон учурда жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук кылып жүргөн актёр, "Азия MIX" командасынын оюнчусу Маратик катары таанымал Марат Жуманалиевди көрүүгө болот.

Окуя боюнча Бишкек шаардык комендатуранын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Окуя кечээ, 9-апрель күнү саат 21:30 чамасында орун алган. Марат Жуманалиев баш болгон бир нече адам коменданттык саат учурунда кармалышкан. Текшерүү учурунда Марат Жуманалиевде тиешелүү уруксат кагазы болгон, калган 6 жаранда уруксат кагазы болгон эмес. Андыктан документи жок 6 жаранга протокол түзүлгөн", - деп билдиришти тиешелүү органдан.

Белгилей кетсек, Марат Жуманалиев менен чогуу кайрымдуулук ишин MC Doncha каймана ат менен таанылган вайнер, актёр Данияр Токтомаметов жасап жүрөт. Данияр окуядан кийин социалдык тармак аркылуу республикалык штабга уруксат кагазы боюнча маселени чечип, шарт түзүп берүүнү суранган.

"Билесиздер да, ар кайсы адам ар кайсы даректе жашайт. Алардын ар бирине азык-түлүк жеткирип, таратканча убакыт кетет. Кечээ биздин эки унаабыз артта калып, укук коргоо органдарына кармалып калыптыр. Укук коргоо кызматкерлерине рахмат, биздин абалыбызды туура түшүнүп коё беришти. Биз да өз кезегибизде мындай окуя башка кайталанбай турганын айттык. Бизде тийиштүү көк түстөгү уруксат кагазы жок болчу, ошондуктан мындай окуяга туш болдук. Урматтуу республикалык штабдын өкүлдөрү, уруксат кагаз жактан маселебизди чечип, элге жардам берүүгө шарт түзүп бериңиздерчи", - деп кайрылган Данияр мырза.






Кайрымдуулук иштери менен жүргөн актёр Марат Жуманалиев коменданттык саат учурунда кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
11.04.2020. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул балдар кайрымдуулук иштерди жасап журушот, билким кеч калып кеткендир. Бизде сразу видеого тартып эптеп эле оздорун хайп кылмай!!! Милицясы деле хайп кылат!!
Медиа-портал
12.04.2020. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiza.kyrgyzkyz, милицияга Кудай берип койду да! Бөрк ал десе баш алып!!!
11.04.2020. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Марат көп кайрымдуу иштерди уюштуруп жатат аллах ыраазы болсун
11.04.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кап,бекинип калбаптыр да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: