Бишкек мэриясы: "Карантинди оор кабыл алган балдар үчүн мектептердеги психологдор күчөтүлгөн тартипте иштейт"

Анда айтылгандай, 8-апрелден баштап окуучулар 4-чейректи үйдөн, аралыктан окуп башташты. Ата-энелер дагы онлайн иштеп жатышат. Бирок кээ бир балдар айрым бир өзгөрүүлөрдү улуулар сыяктуу жеңил кабыл албайт. Мындай абалда ата-энелер өз алдынча ага жардам бергени менен баланын агрессиясын басаңдатуу жолдорун билбей калышы мүмкүн. Бул учурда балдарга профессионал соцпедагогдор менен психологдор жардам берет.
"Жогоруда айтылган маселелер боюнча ар бир ата-эне балдары окуган мектепке кайрылып, психологдун кеңешин алуу зарылчылыгын айтса болот. Мектептеги психологдор күчөтүлгөн режимде иштеп башташты. Мектептердеги психологиялык жардам берүү борборлорунун, соцпедагогдордун телефон номерлери ата-энелердин группасына жөнөтүлөт. Мындан тышкары мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгында "Балдар үчүн ишеним телефону - 111" кызматы күнү-түнү иштейт. Балдар менен жаралган маселелер болсо чалып жардам суроого чакырабыз, көйгөйдү өз убагында чечпей коюу жакшы эмес көрүнүшкө алып барышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Мэрия ата-энелерди сабырдуу болууга, балдардын дистанциялык окуусуна көмөк көрсөтүүгө, азыр алар көнө албай жаткан кырдаалда колдоо көрсөтүүсүнө чакырды.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги карантинде балдарды стресстен сактоонун жолдорун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.