super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 102 миң 669га жетти

 

11-апрелге карата дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны 1 миллион 696 миң 139 болду. Айыккандардын саны - 376 миң 200, каза болгондор - 102 миң 669.

Коронавирустун жайылуусу боюнча биринчи орунга чыккан АКШда 500 миң 399 жаран жабыркап жатат. Илдеттен 28 миң 837 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылса, 18 миң 693 адам каза болду.

Испания вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Анда бул өлкөнүн 158 миң 273 жараны вирусту жуктурганы аныкталды. 55 миң 668 жаран оорудан арылса, 16 миң 81 адам каза болду.

Ал эми Италияда вирусту жуктургандардын саны 11-апрелге карата жалпы 147 миң 577 адам ооруп жатат. Анын 30 миң 455и айыгып, ооруканадан чыгарылса, 18 миң 849 жаран вирустан көз жумду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
11.04.2020. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5 ай болду вакцинасын иштеп чыгышпады же баш жетбеди,эмнеге кытайда аз адам олуп башка шаарларына каптап кетбеди,эмнеге дуйного тез таркап олум гоп болуп атат деп Трамп дуйнолук саламаттыкты сактоо уйумун гуноолоп отрат.
11.04.2020. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KalenAlmaz,5 ай эмес 18 айда иштеп чыгылат деп атышат ко.
Башка убакытта 10 кунгө калбай ар кыл даары чыгарып салышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: