АКШ сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун саны боюнча бүгүн дагы рекорд койду

АКШда коронавирустан акыркы бир сутка ичинде 2 миң 108 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бул көрсөткүч коронавирустан сутка ичинде каза болгондордун саны боюнча жаңы рекорд болуп саналат. Сутка ичинде эң көп каза болгон рекорд 9-апрелде ушул эле өлкөдө катталган. Анда 1 миң 973 адам бул инфекциядан каза болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө 501 миң 301 адам коронавирус жуктуруп алды. 18 миң 758 адам каза болсо, 29 миң 77 адам айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Вирус Америкада курчудан мурда Трамп айткан эле, Америкада вирус 200 миңдей адамдын өмүрүн алуусу мүмкүн. Ошондон кийин эле бир аптадан соң Вирус Боюнча Америка алдыңкы орунгага чыгып алды эле. Мына азыр ошол сөздөрүнүн далили болуп жатат. Кече Трамп айтыптыр вирус мен айткандай көп адамдын өмүрүн албайт экен" деп демек Америкадада вирус басаңдайт тез арада. Италияга окшоп