super.kg logo

Ат-Башыда 40 жаштагы келинди жолдошу ок атуучу курал менен коркутуп сабаган

 

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда аялын ок атуучу курал менен коркутуп сабаган жаранга кылмыш иши козголду.

8-апрель күнү Ат-Башы РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 1980-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган сиңдиси денесинен жараат алып ооруканага түшкөндүгүн билдирип, аны сабаган адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.

"Аталган факты боюнча текшерүү жүрүп, анда жубайлар 2020-жылдын январь айынан бери чогуу жашабай калышкандыгы аныкталган. Ал эми аял бир тууган эжесинин үйүндө жашап жаткан, ошондой эле жолдошу менен ажырашуу тууралуу Ат-Башы райондук сотуна арыз менен кайрылган. Ошондон баштап жолдошу ага тынчтык бербей, чыр салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн. 8-апрель күнү саат 11:00 чамасында кайын эжесинин үйүнүн короосунан жолдошу сайсыз ок атуучу куралы менен аялын коркутуп, сабаган. Натыйжада А.А. Нарын облусунун бириктирилген ооруканасынын сынык жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда жабырлануучу аялга соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

Кечээ, 10-апрелде жабырлануучу келиндин жолдошу кармалып, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
11.04.2020. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Комендант айткан гиникологко барчу эркектер ушуларда
11.04.2020. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал алып еки метр алыстан атып салайын деген го жакындатпай вирус жуктуруп албайын деген го))
05.05.2020. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KalenAlmaz,бул жерде тамаша айтчуу соз жазылбады го дейм ?!!! Тообо кыл сенде да кыз бар!!!
11.04.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялына кол которгон эркекти эркек деп атоого да болбойт.
11.04.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
rola, шариятка ылайык аялына капа болсо аялын таарынтып коркутуп кечинде чогуу жатпай коюш керек же саман менен сабаш керек деп кошумчалап койбопсун...

Шариятка таянсак эркек Чубакка же Аскар Акаевге окшоп калат, подкаблучник, же эркек экени, же катын экени белгисиз арасат болуп...

Муну менен эркектер аялын бир жери сынгыча токмоктосо боло берет деп айткым келген жок. Бирок аялына 1 шапалак тушургон эркектерди да жектегенлерге жооп жаздым.
Ozon түзөттү 2020-04-11 14:32:23
11.04.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ozon, Сен шариятка таянбай эле койчу. Аялынды бир шапалак менен түшүрүп ошол акылына таянып жашай бер да.
11.04.2020. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу ушундай тушунугу жок, Жан дуйносу жарды эркектерибизда барда. Качан куч колдонбой эле келишип ажырашканды же тушунуп жашоону улантканды уйронушот экен?
12.04.2020. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жерде экоо тен кунолуу биринин созун бири укан эмес,эркек деле уйдо жон отурган аялын келип сабай бербесе керек,биз деле келип эле сбаганы алган эмесбиз же груша кылып бокс ойнойм деп албайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: