super.kg logo

Карантин маанисиз чыгашалардан баш тарта алаарыбызды көрсөттү

 

Жалпы карантин акчаны ашыкча коротпой, үнөмдөсө болорун көрсөттү. Көрсө биз такси, кафе, саркеч ашыкча аксессуарлардан баш тарта алат экенбиз. Ал эми үнөмдөлгөн каражатты кыялдарды орундатуу үчүн чогултса болот. Майда чыгашалардын ордуна акчаны депозиттик эсепке салып турса, канча каражат чогулмак «Бакай Банк» менен бирге эсептеп көрөлү.

Майда сатып алуулар, албетте, жагымдуу маанай тартуулаганы менен үйдү оңдоп-түзөөгө же чет өлкөгө сапар алуу үчүн акча чогултууга тоскоолдук кылат. Банктардын «Инстаграмдарында» SMMчилер тынбай жазып жаткан алтынчы, жыйырма төртүнчү маяна сыяктуу каржылык коопсуздук чаралары туурасында айтпай деле койсо болот.

«Ооба, мен маянамдын жарымын кофеге коротом: эртең менен бир, түштө бир, кечке жуук дагы бирди ичем. Күн сайын улам бир кафеде жүргөнүмө кесиптештерим таң калышат, болбосо мен акчаны алардай эле табам, алардыкынан аз да болушу мүмкүн», — дейт бишкектик бийкеч.

Майда-барат сатып алуулардын ордуна акчаңызды топтоочу «Капитал» депозитине 9% чен менен салып турсаңыз, бир жылда канча акча топтой ала турганыңызды «Бакай Банк» менен бирге эсептейбиз.

Мисалы, сиз күн сайын капучино куйдуруп кетесиз, кээде таксиге отурасыз, чылым чегесиз, дем алыш күндөрү барларда ичимдиктен ууртап-татасыз, күн сайын түштө кафеден тамактанасыз деп коёлу. Ошондо сиз мындай анча маанилүү эмес сатып алуулар үчүн жылына 112 миң сом коротосуз.

Сиздин чыныгы коротууларыңыз аталган эсептен айырмаланышы ыктымал. Так эсебин алгыңыз келеби? Анда майда коротуулардын Excel калькуляторун шилтеме менен жүктөңүз:

КАЛЬКУЛЯТОРДУ ЖҮКТӨӨ

«Бакай Банктын» «Капитал» депозити жөнүндө

Артыкчылыктары: негизги салымдын суммасына айлык пайыздык капитализация менен топтолуп туруучу депозит. Эгер сизге топтогон каражатыңыз тезинен керек болуп калса, келишимди мөөнөтүнөн мурда бузсаңыз болот.

Мөөнөтү: 3 жылдан 24 айга чейин.

Баштапкы салым: 5000 сомдон баштап.

Толуктоо: минимум 1000 сом.

Пайыздык чен – 11%га чейин, эффективдүү пайыздык чен – 11,6%га чейин.

«Капитал» депозити жөнүндө кенинирээк «Бакай Банктын» сайтынан же 6111 телефону аркылуу билсеңиз болот.

«Бакай Банк» — Кыргызстандын ири банктарынын бири, 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнес жана жеке адамдар үчүн финансылык кызматтарды көрсөтүп келет. 2020-жылдын башында «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алгандан кийин «Бакай Банк» уставдык капиталынын көлөмү жана филиалдык түйүндөрүнүн тармакташуусу боюнча өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп калды. Банктын 180 бөлүмү Кыргызстандын бардык аймактарында ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү камсыздашууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
11.04.2020. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Той откорбой эле койгулачы сураныч кыргыз элим,олумдук болгондо бир сойуштан ашпаш керек.
11.04.2020. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы реклама экен
11.04.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми уномдоп деп эле,шашылсан таксиге тушпой,аялдар аксессуар тагынбай ,зым темирден жасап эле алгыла
11.04.2020. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Вирус биздин жашоо образыбызды созсуз озгортот.
11.04.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бакай банктан башкасы эсеп билбейт экен да э.
11.04.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эн маанилуусу запаста акча кармоо керек,жок дегенде 10 мин сом.
11.04.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай карантинде ак үйдү барып бомба коюп жарып салса чооң сооп болмок. Балээни чече алышпаган тоок мээ өкмөтүбүз и медиктерибиз бар.
12.04.2020. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazarnew, Ак уйду жарсан кытайларга кулчулукта каласын.
11.04.2020. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура кеңеш айтылыптыр. Канча акчаны биз керексиз нерселерге чачабыз. Алтын сойко такпасак деле күн өтө берет экен го. эң зарыл нерселерден башкасына акча коротуу чынында эле акчаны асманга сапыруу менен барабар. Депозит дегенге кызыгып жүрөм мен дагы
11.04.2020. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депаз итке акча салсан ит болосун озунун акчана озун ээ боло албай
11.04.2020. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карантин бүтсө эле башталат той топур, чыгымдар. Элдер араң эле турат туулган күн, свадьба өткөрбөй калдык деп
12.04.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртенки кундун кандай болоорун бир Кудай билет. Уномдойм деп тушку тамакты да ичпей. чогулткан акчаны ден соолука жумшап жатып калган жакшыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: