super.kg logo

Жалал-Абад шаарынын коменданты онлайн маалымат жыйын берди. Жалал-Абадда коменданттык сааттын эрежесин бузуп, 18 жаран кармалды (хронология)

 

Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-11 13:26

Ал Жалал-Абад облусунда жасалма пропуск боюнча 3 кылмыш иши козголгонун айтты.

2020-04-11 13:23

"Блокпостто турган кызматкерлер азык-түлүк менен камсыз болгон. 3 маал ысык тамак берилип жатат. Жалал-Абад облусунда 12 блокпост бар. Медициналык каражаттар менен мамлекет тарабынан камсыздалган", - дейт ал.

2020-04-11 13:20

"Гуманитардык жардам муктаж адамдарга жетпей жатат. Муктаж адамдарга кантип жеткирүү керек?" деген суроо берилди.

"Тизме менен берилип жатат. Жакынкы күндөрү дагы гуманитрадык жардам келет. Жардамга муктаж адамдар кайрылыңыздар, тизмеге киргизебиз", - деди Жоробеков.

2020-04-11 13:16

"Соода түйүндөрдө азыктарга баалар өсүп кетти деген кайрылуулар болгон. Бул маселе каралып, рейд өткөрдүк. Ооба, кээ бир ун саткандар бааны кымбаттатканына күбө болдук. Бир топ көйгөйлөр бар экен. Чет мамлекеттен келген ундар кымбат келген үчүн баалар жогорулап жатканын айтышууда", - дейт ал.

2020-04-11 13:14

Жоробековго коменданттык сааттын мөөнөтү узартылдыбы деген суроо берилди.

"Жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырам. 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган", - дейт ал.

2020-04-11 13:11

Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад облусу боюнча коменданттык сааттын эрежесин бузуп 18 жаран кармалганын айтты.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: