super.kg logo

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев жазгы талаа иштери боюнча маалымат жыйын берди (хронология)

 

Бүгүн, 11-апрелде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев онлайн маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-11 14:23

Министр күйүүчү май боюнча көйгөй болбой турганын айтты. Күйүүчү майдын баасы былтыркыга салыштырмалуу арзан болорун билдирди.

2020-04-11 14:20

Ал билдиргендей, учурда 10 миң гектар жерге картошка отургузулуп калды. "Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң гектар жерге көп отургузулду", - дейт министр.

2020-04-11 14:19

Чодуевдин айтымында, Айыл чарбасын каржылоодо - 8 программа иштеп жатат. Жеңилдетилген насыялар берилип баштады. "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк"ААК аркылуу 525 миллион сом суммасындагы насыялар берилди. Азыр банктар иштеп жатат жана фермерлер насыя алууга кайрылса болот”, - деди ал.

2020-04-11 14:18

Министр: "Пайдаланылбаган жерлер 3, 4 миң гектар жерге чейин азаят. Быйылкы жылдагы шартка жараша дыйкандар буудайдын аянтын да көбөйтүүгө аракет кылып жатышат", - дейт.

2020-04-11 14:17

"Учурда өлкөдө 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Жер-жерлерге берилип жатат. Доллардын курсу өсүп кеткенине байланыштуу жер семирткичтердин баасы 1-2 сомго кымбаттады", - деди Чодуев.

2020-04-11 14:16

Министр үрөндүн тартыштыгы жок экенин айтты. "Дыйкандар буудайдын үрөнүн көбүрөөк сурап жатат. Божомолго караганда 5 миң гектар жерге буудай көп себилет", - деди ал.

2020-04-11 14:15

"Жер-жерлерде жазгы талаа иштерин уюштуруу боюнча штабдар түзүлгөн. Жазгы талаа иштери өз нугунда өтүп жатат", - дейт министр.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
11.04.2020. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул министр кыйратбайт
11.04.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Именно ушул министерство козду жумуп алып эле согот болуш керек,себеби окмот озу 1 сотых жер экбейт бир тоголок уроон сеппейт,1шт техника жок,же трактор, же комбайны,кайдагы цифраларды айтып койуп олтурат. Жойуп жибериш керек бул министерствону ошол кобуроок пайда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: