Жол кырсыгынан кош бойлуу аял жабыр тартты
			
			26-октябрда саат 18:30дарда Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Зууракан Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде Дэу-Лабо автоунаасы менен Тойота-Лендкрузер автоунаасы кагылышкан. Бул тууралуу 29-октябрда Бишкек шаардык ИИБинин маалымат кызматы билдирди. Жол кырсыгынын кесепетинен Дэу-Лабо автоунаасынын жүргүнчүсү – алты айлык боюнда бар аял жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
			
			
			
			
				
			
						
				
					
									
				
								Автор: Нурбек Абдыкадыров
												 
			
	
	 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 13:05
				 2025-11-02  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 -1 
		
		
     		
 -1 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














