super.kg logo

"Ким айыл чарба техникаларына тетик таппай жатса түз байланышса болот" дейт министр

 

Бүгүн, 11-апрелде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өлкө аймагында жүрүп жаткан бул тармактагы жумуштар тууралуу маалымат берди.

Чодуев адегенде коронавирус пандемиясы болуп жатканы менен жазгы талаа иштери токтоп калбаганын белгиледи. Бул жылдын түшүмү үчүн 1 миллион 219 миң гектар жер пайдаланылат, бул өткөн жылдан 3 миң гектарга көп. Ошондой эле өлкөдө 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар экенин, доллардын кымбаттаганына байланыштуу анын баасы 1-2 сомго жогорулаганын белгиледи.

"Айыл-чарба техникаларынын ремонттору боюнча бир топ иштер алдыга жылган. Бирок тетиктерди табуу оор болуп жатат деген кайрылуулар көп экенин билебиз. Биздин министрликте атайын түз байланыш иштейт: 0701 88 10 08. Ушул номерге көптөгөн дыйкандар чалып жатышат, күнүнө чалгандардын саны 150гө жетет. Техника шаймандарын таппай жаткандар же үрөндөр боюнча маселе болсо, чалса биз аны кайдан тапса болорун абалга жараша айтып беребиз", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан тапса болоорун эмес, таап жеткирип беребиз десе жарашмак
11.04.2020. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1млн 200 миң гектар жер бул Кыргыз ССРинин маалында болчу, андан бери канча айылдар пайда болду,айдоо жер азайды го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: