super.kg logo

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бюджеттик уюмдарды сарамжал болууга чакырды (хронология)

 

Бүгүн, 11-апрелде саат 16:10до Өкмөт үйүнө финансы министри Бактыгүл Жээнбаева келди. Ал өлкөдөгү финансылык абал тууралуу айтууда.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-11 16:14

Өкмөт калктын алдындагы негизги милдеттерин аткарууда. Финансы министрлиги мамлекеттик финансыларды мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга аракет көрүүдө. Абалга байланыштуу мен бардык мекемелердин кызматкерлерин, бюджеттик уюмдарды сарамжал болууга чакырат элем.

2020-04-11 16:13

Кыргыз өкмөтү жалаң гана кредиттерди тартып келбестен, гранттарды да алып келүү аракетин көрүүдө. Булар бюджетти колдоого, коронавирус менен күрөшүүгө жана бизнести колдоого жумшалат. Бул аракеттер өлкөнүн бардык тармактарына таасир берет.

2020-04-11 16:12

Бизде финансылык кыйынчылыктар жаралат. Бул азыркы дүйнөлүк пандемияга байланыштуу. Мындан улам биз бир топ эл аралык фонддорго грант сурап кайрылууга аргасызбыз.

2020-04-11 16:11

Жылдын жыйынтыгы боюнча, бюджеттин төмөндөөсү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары коронавирус менен күрөшүүгө кеткен чыгымдар да мамлекеттик бюджеттин чыгымын көбөйтөт. Биз мындай абалды жөнгө салуунун жолдорун карап жатабыз.

2020-04-11 16:10

Пандемиянын кесепети коомдук турмуштун бардык тармактарына терс таасир берип жатат. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө бир топ күндөн бери дээрлик бардык бизнестер өз иштерин токтотуп турушат. Буга байланыштуу республикалык бюджеттин көрсөткүчү төмөндөйт.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2020. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой Эл итак деле сарамжал ,силер чондор эле акчаны болушо албай жатасынар
11.04.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айым иштей албайт. Мурун да ар кайсы жерде өзүн көрсөтө алган эмес. Азыркы учурда өлкөнүн казанасын туруктуу кармоого көп мүмкүнчүлүктр бар. Алдыдагы финисылык кыйынчылыкта каршы ийкемдүү, оперативдүү иштеген адам керек. Айткан акылды такыр укпаган адаты бар. Эми бул алдына ала өзүн актоо жана кызматын сактоо деп түшүнсө болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: