super.kg logo

Пандемия өлкөнүн мамлекеттик бюджетине 30 миллиард сомдон ашык акчанын түшпөй калуусуна себеп болот

 

Бүгүн, 11-апрелде Өкмөт үйүндө финансы министри Бактыгүл Жээнбаева өлкөдөгү финансылык абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында Кыргыз өлкөсүндө бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жылдын жыйынтыгы боюнча 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн экендиги айтылды. Буга байланыштуу финансы министри бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын кайра карап чыгууга чакырганын билдирди.

"Пандемиянын кесепеттери коомдук турмушубуздун дээрлик бардык тармактарына терс таасирин тийгизүүдө. Натыйжада дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө, анын ичинде биздин өлкөдө да жагымсыз экономикалык жагдай жаралды. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө дээрлик бардык ишмердик өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө. Жылдын жыйынтыгы боюнча, төмөндөөнүн көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн. Пандемия менен күрөшүү үчүн кетирген чыгымдардын эсебинен чыгашалар дагы көбөйүшү мүмкүн. Ошондуктан Финансы министрлиги бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын кайра карап чыгууга чакырды. Ал эми Финансы министрлиги бардык мамлекеттик каражаттарды мүмкүн болушунча натыйжалуу башкарууга республикалык бюджеттин бардык чыгымдарын катуу көзөмөлдөөгө аракет кылат. Дагы бир жолу бардык бюджеттик уюмдарды мүмкүн болушунча сарамжал болууга чакырам", - деди өз сөзүндө Бактыгүл Жээнбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
11.04.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот акыркы крайний адамды издеп жатыптыр контакт болгон менмин элди акырындан бошоткула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: