super.kg logo

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө 183 миллион сом жумшалгандыгы маалым болду

 

Кошумча бөлүнгөн 340 миллион сомдун 183 миллион 395 миң сому коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жумшалды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине дээрлик 173 миллион сом, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эсебине дээрлик 3 миллион сомдон ашык акча, Тышкы иштер министрлигине - 769 миң сомго жакын, Транспорт жана жолдор министрлигине 94 миң 500 сом берилди.

Калган 116 миллион 600 миң сом жогоруда айтылган министрликтер менен мекемелерге бөлүштүрүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн атайын бөлүнгөн 40 миллион сом максаттуу багыттарга колдонулууда», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөдө инфекциянын бул түрү үчүн каршы вакцина иштелип чыга электигин кошумчалап төмөнкүлөргө токтолду.

«Ошондуктан биздин медицина кызматкерлери буга чейин топтогон бардык тажрыйбасын колдонуу менен бул дартка каршы күрөшүп жатышат. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 339 адамды түзөт. Алардын 43 пайызы - бул алып жүрүүчүлөр, калган 57 пайызы – бул байланышта болгондор. Учурда 299 жаран ооруканада, 5 киши медицина кызматкерлеринин аракетине карабастан, каза болду. Биз алардын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Бул илдеттен 44 жаран сакайды. Бул да жаман эмес», - деди өкмөт башчы.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө 1113 адам обсервацияда кармалууда.

«Жалпысынан алганда, башында 53 миң 752 адам үй карантининде болгон, анын 20 миң 436сы учурда карантинден чыгарылган. Калган 33 миң 316 адам үйүндө дарыгерлердин кароосунда. Айта кетсек, күчөтүлгөн режимде иштеп жаткан дарыгерлер жана медайымдар тийиштүү коргоочу медициналык каражаттар жана дары-дармектер менен камсыздалган. Айлык акылары өз мөөнөтүндө берилүүдө. Лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү жана оорулууларды дарылоо үчүн зарыл каражаттар, анын ичинде жасалма дем алдыруучу аппараттар да бар. Тамак-аш менен камсыздандырууда көйгөйлөр жок», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
12.04.2020. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Россиядагы Жарандарыбызды качан алып келесинер? Ушуунча акчаны эми болуштуруп жеп койдунарбы? Элди камап уйго каяка кетти ушунча акча?
12.04.2020. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
osor,Тоок какылактаганда кылбай элдин баары билген ошол кезде аракет кылыш керек болчу жол ачык кезде эми сабырдуу болуп куткуло
12.04.2020. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол акча толук жумшалганына ишеним жок үчтөн бир бөлүгү эле жумшалып калганы сол чөнтөккө кирип кетти да уже ошончо акча жумшап эмне кылдыңар бүт эле ар бир жараан өз айылдарын камсыздап жататгоо четтен келген Гумжардамдарда сатылып атат Россияда эмгектенген мекендештер өз айылдарына акча салып камсыздап атат көрүп эле атабыз колунда бар жарандар эле камсыздап атат Мамлекет тарабынан эч нерсе жете элек кээ бир айылдарга жетсе да тааныш билиш тууган урук эле болуп жатат карапайым элге жок эч
12.04.2020. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал акчалардын 90% ны жеп, он пайызыны коротуштуда, биздин крокодилдер белгилүү эле да.
12.04.2020. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах Таалам өзү ыйман ынсап берсин деген сөз айтуудан башка айла жок !!! Келгиле баарыбыз жакшы ниет тилек кылайлы , Аллахым өзү ыйман ынсап берет аларга бизге .Аларда өз акыреттинен коркор, эмнеси болсо да элдин ырыскысы .
12.04.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол карышкыр чалдар жеп бутту баарын, жалька Кыргызстанга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: