super.kg logo

Орусияда абакта тополоң чыгып, 300гө чукул кылмышкерлер жаракат алды

 

Орусиянын Иркутск облусунда жайгашкан күчөтүлгөн режим колониясындагы кылмышкерлер менен кызматкерлер ортосундагы тиреш чыгып, андан жүздөгөн адамдар жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү айып изоляторунда отурган соттолуучу текшерүүдөн өтпөй, кызматкерлерди сөгүп, түртүп, башка кылмышкерлерди аларга каршы үндөгөн. Жыйынтыгында абак кызматкерине кол салуу болуп, ооруканага жаткырылган.

Укук коргоочу Павел Глущенконун билдирүүсүнө караганда, сабалган соттолуучу күрөө тамырын кесип, колониянын кызматкерлери тарабынан жасалган баш аламандык токтотулсун деген видеокайрылуу жасаган. Аны колдоо максатында 17 соттолуучу да видеокамеранын айнектерин сындырып, сыныктары менен күрөө тамырларын кесишкен.

Козголоң эртеси күнү да уланып, соттолуучулар имараттарды, кабылдама бөлмөсүн өрттөп салышкан. Колонияга 300дөй атайын даярдыктагы аскерлер (спецназ) тартылып, 300гө чукул кылмышкерлер жана колониядагы 1200-1300 адам жаракат алган. Алардын арасында каза болгондору да бар экендиги айтылууда.

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, колонияда прокуратура кызматкерлери, иликтөөчү комитет иштеп жатышат.






Иркутск шаарында кылмышкерлер менен кызматчылардын ортосунда уруш чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: