"Айтылган сөз - атылган ок". Социалдык тармакта чагымчыл маалыматтарды тараткан адам аныкталды
Социалдык тармак аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратканга шектелип Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"2020-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган С.Н. аттуу тургун социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштырган шек менен кармалган.
Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары 313-берененин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.