super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Тоңдурулган анализдердин баары тесттен өткөрүлдү" (видео, хронология)

 


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-12 10:37

"Ысык-Көл облусунун Каракол шаары менен Ак-Суу районунда катталган эки жаран Ганси авиабазасында 2 күн гана жаткан. Жергиликтүү маалымат каражаттарында алардын анализи жакшы чыкканын айтышкан. Мурунку алгоритмге ылайык, алар 3 күн обсервацияда жатып, үй карантинине чыгарылгандан кийин үйүнө чейин транспорт уюштуруп дегендей, көзөмөл болушу керек беле? Алар обсервациядан чыккандан кийин коомдук транспорт менен келишиптир" деген суроо узатылды.

Бул суроого Каратаев: "Бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, тартип бузулган болсо жазага тартылат. Туура, алгоритмге ылайык, үй карантинине чыккандан кийин эрежелер сакталышы керек эле", - деди.

2020-04-12 10:25

Коронавирус менен ооруп, каза болгондорго чыгарылган атайын буйрук бар, маркумдар ошого ылайык көмүлүп жатат.

2020-04-12 10:23

Онкологиялык борборго обсервация жайгаштырылганы тууралуу: "Ал жакта өзүнчө бокс бар. Ал жакка онкологиядагылардын эч кимисин киргизбей элебиз",- деди.

2020-04-12 10:20

Мадемин Каратаев суроолорго жооп берүүдө. "Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир кызматынан коронавирус табылса, кызматкерлердин баары обсервацияга алынабы?" деген суроо узатылды. Ага министрдин орун басары: "Бир гана саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери эмес, башка мекемеде да оору катталса, мекеменин баары обсервацияга алынат", - деп жооп берди.

2020-04-12 10:19

"Буга чейин тоңдурулган анализдердин баары тесттен өткөрүлдү. Тоңдурулган анализдер калган жок,", - дейт министрдин орун басары.

2020-04-12 10:15

Коронавирусту жуктурган бейтаптардын жаш курактары:

15 жашка чейинки балдар - 38;

16-19 жаштагылар - 12;

20-35 жашка чейинкилер - 90;

36-55 жаштагылар - 141;

56 жаштан улуулар - 96.

 

2020-04-12 10:10

Кыргыз өлкөсүндө 12-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктургандардын саны 38ге жетти. Жалпы бейтаптардын саны 377. Катталгандардын баары обсервацияда жаткандар.

Аймак боюнча алганда:

Бишкек шаарында – 5;
Чүй облусунда – 3;
Ош облусунда – 3;
Ош шаарында – 12;
Ысык-Көл облусунда – 2;
Нарын облусунда – 13.

Жалпы алганда:

Бишкек шаары - 59;
Жалал-Абад облусу – 89;
Ош облусу – 119;
Ош шаары – 54;
Чүй облусу – 21;
Баткен облусу – 4;
Нарын облусу – 25;
Ысык-Көл облусу – 6.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
12.04.2020. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы райондордон экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: