Туңгуч кичи районундагы унаа аңтарылган окуя. Жол кырсыгынан жабыр тарткан 4 жаран ооруканага жаткырылды

11-апрель күнү Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда орун алган жол кырсыгынан жаракат алган 4 жаран ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"11-апрель күнү саат 19:30 чамасында Курманов жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа менен Тойота Альтеза унаасы кагышып, 4 адам жаракат алган. Алар 21 жаштагы Д.С. жана О.Б., 25 жаштагы А.А. жана Б.М. болгон. Жабырлануучулар "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aerforce

12.04.2020. 12:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карантинде аран эле магазинге барып келип жатабыз булар кантип эле машынаны катуу айдап журушот дееги аман болушсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.