super.kg logo

Ош шаарынын коменданты: "Ашууда ат алмаштырбайт. Бирок кызматына шалаакы мамиле кылган адамдар мыйзам алдында кийин жооп берет" (хронология)

 

Бүгүн, 12-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аталган аймактардагы абал тууралуу маалымат жыйын берди.




Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-12 12:30

Суроо: Социалдык тармактарда Испаниядан келген жигит апасына коронавирус жуктуруп, апасы каза болгон делген маалымат канчалык деңгээлде чын?

Комендант: Ал жаран ЖОЖдордун биринде иштейт. Ал Испанияга иш сапары менен барган. Апасы көз жумганы чын. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал адамдар менен катнашта болгон кишилер да текшерүүгө алынган . Эгерде ооруну жаап-жашырганы аныкталса, ал жаран айыгып чыккандан кийин мыйзам алдында жооп берет.

2020-04-12 12:25

Суроо: Обсервацияда жаткан адамдарды караган кызматкерлер үйлөрүнө барып үй-бүлөөсүнө илдет жуктурбайбы?

Комендант: Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тест тапшырышты. Алар үйдө дагы карантиндин эрежелерин сакташ керек. Тапшырган тесттердин жыйынтыктары терс чыккан.

2020-04-12 12:20

Суроо: Ош облусунун координатору, ооруган дарыгерлер үчүн жооп бериши керек. Обсервацияда кармоонун шарттары жаман болгондуктан да оору тарап жатат деп ойлойм.

Комендант: Ашууда ат алмаштырбайт. Кандай гана кемчиликтер кетпесин убактысы келгенде жооп беребиз. Ар бир ишке баа берилет. Азыркы биздин биринчи максат илдетти жеңүү.

2020-04-12 12:18

Суроо: Пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ун берилеби?

Комендант: Албетте, муктаж адамдардын баарына жардам бергенге аракет кылып жатабыз. 

2020-04-12 12:10

Негизинен коменданттык саат кирген аймактарда абал туруктуу. Өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 07:00гө чейин тартип бузган 5 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. 

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: