Жумагүл Албанова судьялык кызматтан бошотулду
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Жумагүл Албанова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жумагүл Албанованын судьялык ыйгарым укуктары токтотулду. Ал жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызмат ордунан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
2

