super.kg logo

"Кан жөтөлүп, сүйлөй албай калгандары бар". Аида Касымалиева Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлердин абалы тууралуу билдирди

 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алардын өздөрүнөн маалымат алды.

Эл өкүлү тиркемелердин бири аркылуу алардын арыз муңун укканын SUPER.KG порталына тастыктады жана бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

"Абалдары күндөн күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр, сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! "Бизди акчасы да, эч нерсеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!" - деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер", - деп жазган Касымалиева.

Ошондой эле ал Саламаттыкты сактоо министрлигинен ушундай оор кырдаалда так иштеп берүүсүн өтүнгөн.

"Биринчи күндөрү жетекчилик аларды умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн, ал жерде атайын форма менен болгон күндө да, кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшөт.

Алар азыр өлүм менен күрөшүп жатканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин "алар ажы тойго барган" деген маалыматты тараткан аткаминерлери жазасын алууга тийиш. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралат. Расмий түрдө өкмөткө, штабга да кат менен кайрылдым.

Компенсация төлөбөй коюу максатында да дарыгерлердин өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди "унчукпагыла деп, кысым жасап жатышат" деген дарыгерлер канча. Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, ушундай оор кырдаалда так иштеңиздер! Бул маалыматтар иликтенбей калбайт.

Азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча так маалымат жок. Мен тактай алган дарыгерлер менен баарлаштым", - деп жыйынтыктаган эл өкүлү билдирүүсүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
12.04.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Абдан туура маселени көтөрүпсүз, саламаттыкты сактоо министри компенсация төлөбөй койуштун жолун издеп аткан.
12.04.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туура айтыпсыз саламаттыкты сактоо министри так маалымат бере албай жатат врачтар эл учун иштеп жугузуп алышыптыр сакайып кеткиле
12.04.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кытайда коронавирустун айынан көп чиновниктер иштен кетти, силерди ошондой кылгыла, иштебесе кетсин да шалаакы глав.врач, кординаторлор. Канча адамдын, врачтардын убалына калып жатасыңар. Керек болсо мин.здрав, премьер дагы алмашсын.
12.04.2020. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Силер озунунор жеке амбицияарды жыйыштырып койгонунарды мынчалыка жетбейт эле
12.04.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Врачтарда жалаа жапкан чиновникти иштен айдагыла, эл үчүн кызмат кылып врачтар,өлүм менен өмүрдүн ортосунда алкыш алгандын ордуна, жалаа жабылып эки өлдү булар .
12.04.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вице премьер деп баштап эл өкүлү менен аяктапсыңар баарың эле чегип же кичине татып алган окшойсуңар.
12.04.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,вице-спикер деп турат.
12.04.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Откондо эле кордук эле го суроттогу, байкуштардын кийими жонокой эле маска, халат болчу
12.04.2020. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дооматка жыкпай, туура иштешсе жакшы болмок,
Туура маселени көтөрүпсүз, аягына чейин чыгыңыз эми, алардын мээнетин баалап койсоңуздар,
Башында аларга шарт түзүп бербеген жетекчиликке күнөө
12.04.2020. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көтөргөн маселеси туура. Бирок ошол эле врачтар карапайым адамдар ооруп барганда карабай, канчасын ыйлатышкан?
13.04.2020. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жепжутарлар эртен ушундай отношения кылсанар бардык врачтар чыкпай койсо манкаларынар агат..озунор врач болуп журбогуло кечирим сурап)))))
13.04.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын келечеги коркунучтуу уйдо кысып отуруп турбасак,абал чатак болот. Орустар иштетип туруп кидала кылгандай эле кылат бул 120 кой. Шантажы башталдыго озу ажы тойго барган деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: