"Баткен районунун Үч-Дөбө айылында Тажик тарап Кыргыз тараптын аймагына шагыл төгүп, жолду бууп жатат" дейт жашоочу





Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Дөбө айылында Тажик тарап Кыргыз тараптын аймагына шагыл төгүп, жолду бууп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.
"Айыл толугу менен Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү. Ал эми видеодо көрүнгөн канал дагы бизге карайт. Бирок азыр бул жакка тажиктер келип, шагыл, кумдарын төгүшүп, бул жерден башка жерлерге да шагыл төгүп, жолду бууп жатышат. Айылдагы көчөгө төгүлгөн шагыл бизге түшүнүксүз болуп жатат", - деп билдирди тургун.
Аталган окуянын чын-бышыгын билүү үчүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Анаров менен байланыштык. Бирок ал бул боюнча жооп бере албай турганын, убактысы жок экенин жана маселе чечилгенин билдирди.
"Бул боюнча жооп берүүгө менин убактым жок, маселе чечилген" деди айыл башчы.
Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Дөбө айылында Тажик тарап Кыргыз тараптын аймагына шагыл төгүп жатышат
"Тажик тарап Кыргыз тараптын аймагына шагыл төгүп, жолду бууп жатат" дейт жашоочу


Ар жактан карыз сурап тилемчилик кылып жатышат дагы канчалаган жерлерибизди убадалап жатышты экен,
Келечектеги муундарыбызга эмне калаар экен.
Тажик ...