Бишкектеги гипермаркеттердин биринде кардарды милиция кызматкерлери күч менен кармашты. Комендатуранын жообу
Интернетке Бишкектеги соода маркеттеринин биринде кардарды бир нече милиция кызматкерлери күч менен кармап, администрациянын бөлмөсүнө киргизип жаткан видео тарады. Анда жаран каршылык көрсөтүп жатканын, "камерага тарткыла" деп айтканын угууга болот. Видеонун автору окуя бүгүн, 12-апрелде тартылганын билдирет.
Бул боюнча Бишкек шаардык комендатурасына кайрылганыбызда, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Бүгүн саат 16:05 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда 7-кичи райондогу "Глобус" гипермаркетинде ууру кармалганы маалымдалган. Жерине ыкчам тергөө тобу барышып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деди маалымат катчы.
Дүкөндөгү кардарды милиция кызматкерлери күч менен кармашты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
-1

баш ийбей жатса ошентип кармайт да.
Особо опасный приступникти,антип эмес,Спецназ,Омондор автомат дубинкалар менен келип кармайт.