super.kg logo

Жалал-Абад облусунун коменданты: "Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызды кароосуз калтырбай, жардам берип туруңуздар"

 

Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берген. Ал Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары тарабынан социалдык жактан кайрылуулар түшүп жатканын айтып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көз салып турууну жарандардан өтүндү.

"Урматтуу мекендештерим, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, учурда эл арасында социалдык жактан бир топ кайрылуулар түшүп жатат. Аларга көңүл бурбай койбостон бардык маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрия жана акимдер менен биргеликте кеңешип чечүүгө жардам бергенге аракет кылуудабыз. Бала өмүр бутагы, кайрымдуулук өмүр булагы демекчи, ар бир айылда, райондордо элдин жүгүн көтөрө билген, мекенчил, берешен, колунда бар инсандарга кайрыларым, мүмкүн болсо кошуна, айылдаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга көз салып, жардам колун сунуп, ушундай оор күндөрдө жалгыз таштап койбой колдоп коюшуңуздарды суранам", - деди комендант.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
12.04.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой позор да өлкөбүз карантин кылып алып жардам бере алышпай тормоздор десе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: