Улуу Британиянын коронавирус менен күрөшүп жаткан премьер-министри ооруканадан чыгарылды
Коронавирус менен күрөшүп жаткан Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканадан чыгарылды. Ал мындан ары дарылануусун резиденцияда улантат деп жазышат чет элдик басылмалар.
Маалыматта айтылгандай, дарыгерлер Борис Жонсонго ден соолугу калыбына келгенче иштебей турууну сунушташкан. Премьер-министр дарыланып чыккан оорукананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирерин айткан.
Борис Жонсон 27-мартта коронавирус менен ооруп жатканы маалым болуп, ал өзүнүн резиденциясында изоляцияда жаткан. Кийинчерээк анын дене табы жогору болуп, жөтөлү кетпей жаткандыктан, Жонсонду дарылап жаткан дарыгердин сунушу менен ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.