super.kg logo

Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 12-апрелдеги кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе...

 

Ооругандардын жалпы саны 377ге жетти. Коронавирус дагы 38 жарандан аныкталып, анын ичинен 25и аял, 13ү эркек экени маалым болду. Сутка ичинде коронавируска кабылганы аныкталгандардын эң көбү Ош облусунда катталды (Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 12 киши).

12-апрелге карата 10 бейтап (Ош облусу - 5, Жалал-Абад облусу - 5) коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгышты. Муну менен жалпы айыккандардын саны 54.

Өлкөдө коронавируска дагы 12 дарыгер чалдыгып, жалпы саны 63кө жетти.

Ооруканада жаткандардын ичинен 11 бейтап оор абалда, анын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна 2 жолу анализ берип, натыйжасы терс чыкканын анын орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: