super.kg logo

Коменданттык сааттын айынан Түркиянын ички иштер министри отставкага кетерин жарыялады

 

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу кызматынан кетүүнү чечти. Чет элдик маалымат булактары ал өзүнүн отставкага кетүү боюнча чечимин коменданттык саатка карата айтылган сындар менен байланыштырганын жазышууда.

Түркияда коменданттык саат жарыялангандан кийин жашоочулар топ-топ болуп көчөгө чыгып, дүкөндөрдө узун кезекке турушуп, азык-түлүктөр турган текчелер тазаланып калган. Алардын көпчүлүгү бет кап тагынган эмес жана пандемиянын эрежеси болгон адамдар ортосундагы эрежелер да сакталган эмес. Буга байланыштуу Сойлуну ал жарыялаган коменданттык саат тескери жыйынтык берип жатат деп оппоненттери сынга алышкан.

"Пандемиянын алдын алуу үчүн коменданттык саатты жүргүзүүнүн жоопкерчилиги толугу менен менин моюнумда болчу. Бирок коменданттык саат биз күбө болгон көрүнүштөргө алып келбеш керек эле. Мен элге зыян келтиргим келбейт, ошол үчүн кызматымдан кетем", - деп жазган ал.

Коменданттык саат Түркиянын 30 шаарына жана 1 аймагына киргизилген болчу. Аталган өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 57 миңге жетип, вирус эң көп жайылган он өлкөнүн катарына кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.04.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бизде августа 1 адам олсо деле кашкар менен опумбек иштен кетпей журот солдурдун кадрлары
13.04.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматууу аксакал министирлер элге кылган ак эмгегинээрди аябай баалады кетлиле Эми Уят уят уят
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: