Түркиянын президенти ички иштер министринин отставкасын кабыл алган жок

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ички иштер министри Сулейман Сойлунун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Ички иштер министринин отставкасы кабыл алынган жок, ал өз милдетин аткарууну улантат", - деп билдиришкен президенттик администрациядан.
Буга чейин, аталган өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу коменданттык саат тескери жыйынтык берип жатат деп кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.