super.kg logo

Үй карантининде болууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу үчүн мобилдик тиркеме ишке кирди

 

Социалдык тармактарда коронавирус жуктуруп алган адамдар менен байланышта болгон Кыргыз жарандары үчүн атайын тиркеме орнотулду деген видео жарыяланган.

Республикалык штабдан билдиришкендей, үй карантининде болууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу үчүн мобилдик тиркеме ишке кирди.

"Мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган жактарга карата гана колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат. Ошондой эле тиркеме бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишине жеңилдик берет. Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде, шашылыш SOS белгидеги баскычын колдонууга мүмкүндүгү бар. Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана арналган", - деп жазылат маалыматта.

Интернетте жайылып жаткан маалыматтар чагылдырылган видео тууралуу факты текшерүү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конфиденциалдуу маалыматтарды жайылтууга укуктук баа берүү үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: