super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Шаардык мэриянын жумушу токтогон эмес. Ишкана өз жумушун кылып, сейил бак куруп жатат" дейт мэриядан

 

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман Жаш Гвардия көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинин аймагында карантин жарыяланганына карабай, бир нече адамдан турган топ курулушта иштеп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген. Бул окуя боюнча Бишкек шаардык мэриясынан жооп беришти.

"Ал жакка Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 98 жылдыгына карата сейил бак курулууда. Бүгүн, 13-апрелде Түлөбердиевдин туулган күнү. "Бишкекасфальтсервис", "Бишкек жашыл чарба" жана "Бишкек жарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери баатырдын наамы ыйгарылган борбордун сервердик бөлүгүндө жайгашкан жаңы сейил бакты курууну күчөтүлгөн тартипте улантышууда.

“Бишкекасфальтсервис» ишканасынын башчысы Нурбек Чолпонбаевдин айтымында, тематикалык сейил бактын курулушунун 95 пайызы аяктап, асфальт төшөлүп, эми 120 отургучту орнотуу иштери калды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
13.04.2020. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчы чоорчулар хайпты токтотушсун!Пакеттерин көтөрүп алышып,бир топ болуп эл аралап сүрөткө түшүп жүрүшөт.Жардам бергени туура бирок карантиндин эрежесин сактабай атышат.Бир үйдөн чыгып бир үйгө киришет.Вирус болсо биринен бирине ташып атпайбы!Опер штаб түзүлсүн, же бир уюм аркылуу жеткирилсин!Атайын кийим кийип,карантиндин эрежелерине толук жооп берген атайын адамдар жеткирсин.Оорусун жашыргандар бар,ооруп атканын билбегендер бар.Элибиздин эртеңин ойлойлу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: