super.kg logo

"Элдин баары бизден качып жатышат". Кара-Суу районундагы ата-эне кызынын өлүмүнө дарыгерди күнөөлөп жатат

 

Бүгүн, 13-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берип, жашоочулардын суроолоруна жооп берди. Жыйын учурунда Кара-Суу районунун тургуну кызы медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам каза болуп калганын жана бул багытта медицина кызматкерлерине кандай чаралар көрүлө турганын сурап, бийлик өкүлүнө суроо салды.

"Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургуну болом. Айылдагы медицина кызматкерлери кызымдын дене табы 42ге жогорулап кетсе да карабай коюшкан. Ошол күнү анализинин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган эмес. Тилекке каршы, кызыбыз каза болуп калды.

Иним менен келиним 9-апрель күнү обсервациядан үйгө чыгарылды. Элдин баары бизден качып жатышат. Келиним шаардык обсервацияда 14 күн жаткан. Иним менен келинимден коронавирустун белгилери аныкталган жок. Кызынын анализинен дагы коронавирус аныкталган эмес. Дарыгерлер анализдин жыйынтыгын тактабай, өздөрү дүрбөлөңгө түшүп, наристенин өлүмүнө себепкер болду. Медицина кызматкерлеринин бул аракетине баа берилеби?" деп суроо узатты жаран шаар комендантына.

Нурдинов алгач жаранга комендатуранын атынан көңүл айтып, төмөнкүдөй жооп узатты.

"Жергиликтүү медицина кызматкерлери антына бек турбай, кооптонуп, убагында тез жардам көрсөтпөсө, бизге арыз менен кайрылыңыз. Толук кандуу текшерип, жооп беребиз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.04.2020. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдин баары качып жатат деп. Ооруу чыкпаган биз жашаган жакта деле эч ким эч ким менен корушпой,суйлошпой калдык. Балдырыбыз да кошулушуп ойношпойт. 1жумада 1жолу магазинге барып, сут, кефир, сметана ж.б.у. с. Копко сакталбаган продуктыга гана барбасак, ун бар, картошка, пияз бар. Магазинге деле коп муктаждык жок. Уйдо эле отуруп калдык
14.04.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге 42 ге чыгып кеткенче кармап отурушту экен шаарга жиберишпейби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: