super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков президентке өзгөчө абал учурунда бардык ЖМКларга бирдей шарт түзүп берүүнү сунуштап, кайрылуу жасады

 

Тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусунда бардык маалымат каражаттарына бирдей шарт түзүп берүүнү сунуштады.

"Кыргыз мамлекети тарыхта болуп көрбөгөндөй оор социалдык-экономикалык кризиске карай бара жатат. Коронавирус натыйжасыз башкаруу менен бирге өлкөнүн каржылык абалын кескин начарлатты. Буга сиздин абройлуу эл аралык каржылык уюмдарга жана донор өлкөлөргө жеке кайрылууңуз далил.

Менин эсебим боюнча, мындай кыйын кризистен чыгуу үчүн өлкөгө 1 миллиард доллардан 2 миллиард долларга чейин каражат керек болот. Биз демократиялык каржы институттарынан жана демократиялык өлкөлөрдөн гана карыз ала алабыз деп мен дагы сиздер ишенгендей ишенем. Биз дүйнөлүк каржы институттарынан жардам алгыбыз келсе, алардын минималдуу демократиялык стандарттарына дал келишибиз керек деп демократ-саясатчы катары айта алам. Буга байланыштуу өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардыгына бирдей шарт түзүп берүү боюнча ИИМге буйрук берүү үчүн президентке кайрылууну чечтим. Демократиялык өлкөлөрдө ЖМКларды мамлекеттик же менчик деп бөлбөй, баарына бирдей маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. ИИМ бардык медиаларга журналисттерди аккредитациядан өткөрүүгө бирдей шарт түзүп бериши керек.

Өз кезегинде маалымат каражаттары аткаминерлер көрбөгөн көйгөйлөрдү бийликке көрсөткөнгө жардам берет. Алар окурмандарга маалымат жеткирүүгө, альтернативдүү пикирин билдирүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө жана зарыл учурда бийликти сынга алууга көмөктөшөт", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: